Бүгүн, 29-январда Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи залында мэр Салайдин Авазов шаардык мэриянын жана Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Анда Жалал-Абад шаарынын тазалыгы, көрктөндүрүү маселеси, жалпы эле шаардын жазгы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча түшүндүрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мэриянын имаратын оңдоп-түзөө иштери аягына чыгарыларын, имараттын айланасына таш төшөлгө төшөлүп, унаалар имараттын айланасына коюлбай турганын айтып өттү. Ал эми мэрия кызматкерлеринин унаалары үчүн атайын унаа токтотуучу жай даярдаларын белгилеп, шаардагы мекеме-ишканалар мэриядан үлгү алыша тургандай болуш керек экенин белгиледи ал.