31-январда Бишкекте Орус илим жана маданият борборунда адабий-музыкалык салон ачылат. Анын алкагында “Карлуу романс” аталышындагы чыгармачыл кече өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы Орусия кызматташтыгынын өкүлчүлүгүнөн билдиришет.
Кечеде көрүүчүлөргө кыргызстандык ырчылар, музыканттар жана акындар өнөрлөрүн тартуулашат. Орус акындарынын ырлары окулуп, романстары аткарылат, ошондой эле кыргыз авторлорунун поэтикалык чыгармалары жаңырат.