Бүгүн, 29-январда Бишкекте КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри
Алтынбек Максүтов СССРдин Эл артисттери
Кайыргүл Сартбаева, Самара Токтакунова, Кыргыз Эл артисттери
Сатыбалды Далбаев жана
Мираида Далбаева менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, кыргыз искусствосунун залкарлары учурда ооруканада ден соолуктарына кам көрүп жатышат. Министр улуу устаттардын саламаттыгына көңүл буруу менен бирге кыргыз маданияты, театрлардын абалы, профессионалдык искусство тууралуу баарлашты. Кыргыз маданиятынын күзгүсү болгон улуу корифейлер ооруну сураса айыкканга тете экенин айтышып, министрге ыраазычылык билдиришти. Жаштары өр таяп калганына карабастан, чыгармачылыкты аркалап жүргөн бүгүнкү жаштарга өрнөк, үлгү болчу насаат сөздөрүн айтышып, дем берип, кыргыз маданиятынын учурдагы абалы, жагдайдан чыгуу жолдору туурасындагы ойлорун ортого салышты.
Эскерте кетсек, быйыл, 2015-жылдын 9-мартында залкар комузчу Самара Токтакунова 70 жаш, ал эми 2016-жылы Кайыргүл Сартбаева 80 жаш кутман курагын белгилешет.