Кыргыз академиялык театрынын чыгармачылыгына тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жаткандыгы айтылды

Бүгүн, 29-январда Бишкекте КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык театрынын жамааты менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Театрдын директору Т.Сманбековдун билдирүүсүндө, 2016-жылы театрдын 90 жылдыгы белгиленет. Ошого карата учурда анын айлана-тегерегин көркөмдөө, жарык берүү, ички жасалгалоо иштерине кам көрүлүүдө. Бул аракеттердин баары өкүлчүлүктөрдүн жардамы менен ишке ашары белгиленди. Ошондой эле жолугушууда театрда болуп жаткан жакшы саамалыктар менен бирге көйгөйлөр да талкууланды. 
Жамаат чыгармачылыкка тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жаткандыгы, өзгөчө драматургия, театр сыны, режиссура багыттарынын деңгээли төмөндөп кеткендиги айтылды. Бир казанда эле кайнай бербей, режиссёрлорду, актёрлорду башка мамлекеттердин театрлары менен тааныштырып, аларды стажировкадан өткөрүү, окутуу сунуштары айтылды. Ушул шарттар аткарылганда гана театр өсүп, жаңы көз караш менен жаңы постановкалар коюлары белгиленди. Бул өз кезегинде көрүүчүлөрдүн көбөйүшүн, жалпы сапаттын жогорулашын шарттай тургандыгы айтылды. Мындан тышкары көптөгөн актёрлордун социалдык абалы начар экени айтылып, жок дегенде кандайдыр бир жеңилдиктер аркылуу үй-жайлуу болууга шарт түзүп берүүнү өтүнүштү. Учурда театр актёрлору 2000 сомдон 6000 сомго чейин айлык акы алышат. Мындай жагдай актёрдун 5-6 жерде иштешине түрткү болууда. 
Театрга “улуттук” макамын ыйгаруу жана профессионалдык театрлар менен элдик театрлардын ортосундагы айырманы так ажыратуу тууралуу маселелер да талкууланды. Министр А.Максүтов өз кезегинде Т.Абдумомунов атындагы Академиялык драма театры улуу залкарлардын коломтосу экенин белгилеп, жамааттын, чыгармачыл адамдардын бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган биримдигинде гана ийгиликтерге жетишүүгө болорун айтты. 
Мындан тышкары учурда тажрыйба алмашуу боюнча Орусия Федерациясынын Маданият министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, өзгөчө статус ыйгаруу маселеси да жакын арада чечилерин маалымдады. Ушул жылы театрдын чыгармачыл жамааты Кыргызстандын аймактарына гастролдорго чыгып, элге руханий азык берчү функциясын калыбына келтирүүгө аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан