Бүгүн, 30-январда Бишкек шаарынын бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Курманжан датка, Фрунзе, Будённый, Саратов, Абдрахманов, Линейная, Бөкөнбаев көчөлөрүндө №191-көмөк чордонундагы 6 кВт аба электр чубалгысы жана №962-көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.