Бүгүн, 30-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 222-233-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында кар көчкүлөрдү атайылап аткылап түшүрүү иштери башталат. ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 28-31-январь аралыгында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы пайда болгон. Ошого байланыштуу премьер-министрдин 2015-жылдын 28-январында атайын буйругу чыккан.
Кой-Таш айылынан чыккан артиллериялык эсеп жана ӨКМнын ыкчам тобу 2015-жылдын 29-январында Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы "Ит-Агар" станциясында түнөп калышты. Кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иштери бүгүн, 30-январда башталат.