5-февралда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Эл Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайдын жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өткөрүлөт.
Аталган мекемеден билдиришкендей, концерттик программада Кыргызстандын белгилүү манасчылары – Дөөлөт Сыдыков, Самат Көчөрбаев, Рысбай Исаков, Назаркул Сейдракманов, Улан Исмаилов, Замирбек Баялиев жана башкалар "Манас" айтышат.
Эске салсак, белгилүү манасчы Жусуп Мамай 2014-жылы 1-июнда 96 жаш курагында дүйнө салган.