"Тууганыбыз иштейм деп кетип, иштебей, эми биз аны кулчулукка сатканыбызды айтып догурунууда" дейт айыпталуучулар

"Таалай биздин акчабызга жол кире кылып, иштейм деп кетип, баргандан кийин иштебей жатып алган. Эми келип алып баарына “мени кулчулукка сатып жиберишти” деп калп айтып, догурунууда". Бул тууралуу бүгүн, 30-январда SUPER.KG порталына Таалайбек Абдрахмановдун таякеси Улан Боромбаев жана анын апасы Үрпүкан Сариева билдиришти. Таалайбек Абдрахмановдун айтымында, таякеси аны Ооганстанга кулчулукка сатып жиберген.

“Биз Таалайды Ооганстанга зордоп жиберген эмеспиз. Ал балдарымдын жанын койбой, "чет жактан жумуш таап бергиле" деп үйүбүздө жүрдү. Биздикинде 3 ай жашап, үйдүн курулушуна кол кабыш кылды. Балдарым ичкен-жегенди ичип, ага кийим-кече алып берип жаттык. Ал улуу балам Уланга "иш таап бер" деп, акыры кичүү уулум менен бирге Герат шаарындагы аскер базасына жумушка кетишкен. Алгач алар Дубайга барышты, ал жактан кызым тосуп алып, кийин Ооганстанга сапар тартышкан. Таалай ал жакка баргандан кийин 1 ай иштебей жатып алган экен. Андан кийин 2 ай иштегенине маянасын алган. Аны менен бирге барган балдарды тукуруп, биз аларды кулчулукка сатып жибергенибизди айта баштаган. Бул айткандары чындыкка дал келбейт. Ал көчөдө калып, мейманканада жашаган 23 күндүн акысын Дубайдагы кызым “кой, кантсе да тууган” деп өз чөнтөгүнөн төлөп берген. Эми келип алып айтып жатканын карабайсыңарбы?!”- дейт Үрпүкан Сариева.

Үрпүкан апанын айтымында, аларды адам сатууга күнөөлөп жаткан тууганы Таалайбек Абдрахманов жол кырсыгына учураган. Ал башынан катуу жаракат алган жана баш сөөгүнүн жарымы желим. Ошондой эле Үрпүкан Сариеванын айтымында, Таалайбек Абдрахмановдун энеси анын азабын тартып жүрүп каза болгон. "Бул бала карта ойнойт, анын апасы менен акыркы жолу жолугушканымда, ал "уулумдун айынан ооруканага көрүнө албай койдум, баарын сатып бүттү" деп ыйлаган. Мындан бир ай өтпөй ал каза болуп калган",- дейт Ү.Сариева. 

“Таалайбек менин жээним болот. Ал мени адам сатат деп ар кайсы жакка арыз жаза берип, жумуштан да айдалып кеттим. Мен чоң кызматта эмес, көмүр чыгаруучу ишканада эле иштечүмүн. 

Ага жардам берем деген жакшылыгымдын жообу ушундай болду. Буга чейин да ал “уулумдун контрагын төлөш керек” деп акча талап кылган эле, ага акчам жок экенин айткам. Менин тааныш-билишим да, бийликте таянар адамым да жок. Менин оюмча, Таалайбек менин туугандарым чет жакта иштесе эле "Боромбаевдерде акча көп" деп ойлоп жатат окшойт. Ошол себептен ал бизге "адам сатат" деп жалган жалаа жаап, акча өндүргүсү келип жатат”,- дейт Улан Боромбаев. 

Эске салсак, кечээ, 29-январда маалымат жыйынында Таалайбек Абдрахманов аттуу жаран аны туугандары Ооганстанга кулчулукка сатып жибергенин айткан болчу. Ал таякеси Улан Боромбаев чоң кызматта болгондуктан, жоопкерчиликке тартылбай жатканын билдирген.  

Таякеси жээнин кулчулукка сатканбы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Suke93
2015-01-30 19:25:31
кимисине ишенээринди билбейсин.
+1
kg.sity93
2015-01-30 19:53:53
тообо келтирсин.сатып жиберди деген киши.мен ал кишинин айтканын угуп бир жактуу эле тууганын жаманаттыга киргизиптирмин.корсо кеп башка да турбайбы.Кудайым кубо Ким ак ким кок .?биз окуп угуп кое беребиз.оз оюбузду жазып кое беребиз.тууганын жамандап элге жарыя кылбай эле койбоптур..
+1
33SUUN
2015-01-30 20:57:56
Эне эч качан жалган суйлобойт.Иштин баары жанагы картежник кумарпоздо турбайбы.
+1
Almaz_kg
2015-01-30 21:12:37
Даа
0
Sadyrov_n93
2015-01-30 21:48:00
Аа куноо Таалайбек Абдрахмановдун озундо окшойт,себеби ал таякесин чон кызматта иштейт деген эле,бирок бул шахтада иштейт экен. . .
+1
erikkarakulja
2015-01-30 22:00:31
Ушундай туугандар да болот экенда тобо.
0
operaledi
2015-01-31 05:06:16
Эгер куноо Таалайбек Абдрахмановдо болсо, мынчалык чыркырап, ар кайсы жерге чукабайт беле деген ой келди да. Гераттагы америкалыктардын базасына эмнеге жиберишет? Ал жакта согуш болуп атса? Орусия, Казахстанга жиберсе деле болот да. А бул тарап, былыгы чыгып калбашы учун чыйпылыкташы да мумкун. А эгер кыздары кыздарды сатат дегени чын чыгып калса......Ким билет, ким билет. Эне жалган суйлобойт дейсинер. Эне баласы учун журогун сууруп берууго даяр, керек болсо, калп айтмак тугул
+2
shiko
2015-01-31 11:50:24
operaledi, ал жака контракт менен иштегени барышат менин 2 классташ балам барып келди.бир иранга бир ооганстанга .согушка эмес иштоо учун.склад базаларда иштечу.жумуш оор ысык кыйын дешчу.ошого чыдабай койгонго кербези.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан