Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 68 окуучу үй шартында окутулат

Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында оорусуна байланыштуу мектепке барып келүү мүмкүнчүлүгү жок балдар үчүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин мугалимдери 68 баланы үй шартында окутуп келишет. Бүгүн, 30-январда аталган башкармалыктан кабарлашкандай, ар бир мугалим өзү иштеген мектеп жайгашкан аймакка жакын болгон окуучулардын үйлөрүнө барып, атайын бекитилген иш тартибине карап окутуу жүргүзөт.  

Белгилей кетсек, аталган башкармалыкка караштуу №12-мектеп жалаң ден соолугунун мүмкүнкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн уюштурулган. Анда жалпы 142 окуучу бар, анын ичинен айрымдары ошол мектепте жатып окушат.

Бул КРнын "Билим берүү жөнүндө" мыйзамынын “Оорулуу балдарды жеке окутуу” бөлүмүнө ылайык жүргүзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан