Ливиядагы мейманканалардын биринде террорчулардын кол салуусунан улам каза тапкан кыргызстандык 3 жарандын сөөгү мекенине качан келери белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда SUPER.KG порталына Кыргызстандын Жарандык авиация агенттигинин учуулар боюнча коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Сталбек Шаршеев билдирди.
“Каза тапкандар “Манас” аба майданындагы "S.Group International" кыргызстандык компаниясынын кызматкерлери болгондуктан, аларга аталган компания жоопкерчиликтүү. Азыр "S.Group International" маркумдарды мекенине алып келүү жана алардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө жоопкерчилигин алышты. Ал эми аларды алып келүүгө Тышкы иштер министрлиги көмөктөшөт. Буюрса, маркумдардын сөөктөрү жакынкы убакыт аралыгында алынып келет, так убактысы чыга элек”,- дейт С.Шаршеев.
Эске салсак, Триполи шаарындагы мейманканасына террорчулар тарабынан кол салуу болгон. Анда эс алып жаткан "Манас" аба майданынын "S.Group International" кыргыз компаниясынын Замир Бекетаев, Гүлзина Бешбакова, Галина Колосветова аттуу кызматкерлери каза тапкан болчу