Бишкекте авторлорго Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык алып келген "Алтын уя" балдар опереттасы коюлду

Бүгүн, 1-февралда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында “Ак шоола” балдар ансамбли “Алтын уя” аталышындагы опереттасын көрүүчүлөрдүн назарына коюшту. Опереттада башкы каарман болгон кумурсканын ролун Арууке Токтосунова ойноду. Ага Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыктын комиссия мүчөлөрү, Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева, бөбөктөр ата-энелери менен күбө болушту. Белгилей кетсек, кыргыз музыкасынын тарыхында алгачкы жолу жазылган “Алтын уя” балдар опереттасы үчүн композиторлор Турдубек Чокиев менен Гүлмира Эсенгулова Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары болушкан. Бул саамалыкка улай эле опереттанын терең тарбиялык маанисин баалап, Замира Акбагышева Гүлмира Эсенгуловага Кыргызстан аялдар конгрессинин төш белгисин тапшырган.  

Гүлмира Эсенгулова: “Биздин Кыргызстанда гана эмес, дүйнө элине мүнөздүү болгон миграция көйгөйү бар эмеспи. Ошондой эле чет өлкөдөн бакыт издеп, адамдар өзүнүн жаратылыш берген уникалдуулугун баалабай, бирөөгө окшош болгонго аракет кылышат. Мына ушул көйгөйлөрдү оперетта аркылуу чагылдырдык. Биздин максат - балдарды өзүн сыйлоого, үй-бүлөсүн, ата-энесин чанбаганга жана мекенди сүйүүгө чакыруу. Мына ушул сезимдерге биздин балдар тарбияланса, мугалимдердин жетишкендиги деп билем”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан