Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө кыргыздын туңгуч профессионал оператору
Марлес Туратбековду эскерүү кечеси болуп өттү. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен бүгүн, 2-февралда билдиришкендей, иш-чарада оператордун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган
Карел Абдыкуловдун даректүү тасмасы эл назарына тартууланды.
Кечеге КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, Кыргыз Эл артисттери Г.Базаров, К.Абдыкулов, Н.Борбиев, кино ишмерлери жана Марлес Туратбековдун туугандары, замандаштары, үзөңгүлөш достору, шакирттери катышты. Министр өз сөзүндө тасма "Кинокартина" деп аталып, анын сүрөтүн көрүүчүлөр оператордун көзү менен көрүп, сезими менен туйганына карабастан, дал ушул операторлук коомчулуктун көз жаздымында каларын белгилеп, улуулардын басып өткөн өмүр жолу да, чыгармачылыгы да унутулбай, өзүнүн татыктуу баасын алышы керектигин билдирди.
Мындан тышкары кечеде белгилүү оператордун кесиптештери Марлес Туратбековдун ишмердүүлүгү, камераны жүрөгү менен сезе билген профессионалдуулугун кеп кылышты. Тасма бир тууганы Зинаида Туратбекова, уулу, атактуу режиссёрлор Б.Шамшиев, Г.Базаров, Ш.Апылов, оператор Сергей Чадиндин эскерүүлөрүнөн түзүлгөн. 20 мүнөттүк тасманы бир дем менен, терең кызыгуу менен көрүүгө болот. Тасма “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан каржыланган.
Марлес Туратбеков 1933-жылы 7-июлда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. 1953-1957-жылдары даңазалуу ВГИКтен билим алып, кинооператор адистигине ээ болгон алгачкы кыргыз оператору. Ал “Караш-караш окуясы”, “Көчө”, “Жура” сыяктуу 30дан ашуун тасма жараткан. Москвадан келгенден баштап өмүр бою “Кыргызфильм” киностудиясында иштеген. Кезинде "Кыргыз кереметин" жараткан доордогу көптөгөн операторлордун устаты болгон.