Кыргызстанда Башкортостандын Маданият күнү өткөрүлөт

Кыргызстанда Башкортостандын Маданият күнүн өткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында иш сапары менен келген делегация КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде болду. Бул тууралуу аталган министрликтен бүгүн, 2-февралда билдиришти.

“Башкортостан” Мамлекеттик концерттик залынын директору А.Саетов, М.Каримов атындагы Улуттук жаштар театрынын көркөм жетекчиси М.Кулбаевди КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиев, Искусство өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Болот Осмонов, Улуттук маданият борборунун башкы директору Рыскул Боромбаев жана Эл аралык байланыш жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн адиси Гүлшан Муллакелдиева кабыл алды.

Жолугушууда Маданият күнүндө театралдык оюн-зоок, бир канча спектаклдер орун алары айтылды. Иш-чарага Башкортостандын артисттери, бий топтору, башкыр салттык музыкасын аткаруучулар жана башка маданият ишмерлери келери күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан