Кыргыз эстрадасынын ырчы мырзалары Нурмат Садыров менен Данияр Эрматов Орусиядагы кыргызстандык мекендештерди 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнү менен куттуктап шоу-концерт беришет. SUPER.KG порталына Нурмат Садыров билдиргендей, концерт Москвадагы ресторандардын биринде орун алат.
Кечеде ырчылар өз репертуарындагы популярдуу ырларын аткарып, комузда кол ойнотушат. Чет жакта жүргөн мекендештердин патриоттук сезимин ойготуп, “Кыргызстаным” аттуу жаңы жазылган дуэт ырын тартуулашат.