Жалал-Абадда Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси
Өскөн Даникеевдин жашоосун чагылдырган көргөзмө уюштурулат. Бул тууралуу 2-февралда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара Өскөн Даникеевдин туулган күнүнүн 80 жылдык мааракесин
өткөрүү боюнча пландын негизинде ишке ашырылат.
"Жалал-Абад шаарында
мектептерде, окуу жайларда, окуучулар менен студенттердин арасында
Ө.Даникеевдин ишмердүүлүгү жана басып өткөн өмүрү жөнүндө жазуучулар
менен жолугушуулар өтөт. Ошондой эле шаардык
музейде Ө.Даникеевдин өмүрү жана чыгармачылыгын чагылдырган көргөзмөлөр уюштурулмакчы",- дейт социалдык иштер боюнча вице-мэр Турдалы Темирбаев.