2014-жылы өлкөнүн аймагында 488 митинг жана нааразычылык акциялары өткөрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тазабек Жаныкулов билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр Бишкек шаарында 210, Чүй облусунда 65, Ысык-Көл облусунда 24, Нарын облусунда 35, Талас облусунда 21, Жалал-Абад облусунда 27, Ош облусунда 47, Ош шаарында 18, Баткен облусунда 41 митинг жана нааразычылык акциялары өткөн.
“Болуп өткөн митингдердин ичинен саясий мүнөздөгү 239 митинг катталган. Анын ичинен Бишкек шаарында 118, Чүй облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 14, Нарын облусунда 9, Талас облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 13, Ош облусунда 36, Ош шаарында 9 жана Баткен облусунда 25 митинг болгон. Ошондой эле социалдык-экономикалык жана турмуш-тиричилик шарттарына байланыштуу 249 факт: Бишкекте 92, Чүй облусунда 58, Ысык-Көлдө 10, Нарын облусунда 26, Таласта 13, Жалал-Абад облусунда 14, Ош облусунда 11, Ош шаарында 9 жана Баткен облусунда 16 факт катталды”,- деди Т.Жаныкулов.