Таластагы №39-жатак-абагынан качып кеткен жаран кармалды

Талас облусунун Өзгөрүш айылындагы №39-жатак-абагынан качып кеткен Мусаев Б.О. аттуу жаран кармалды. Кылмышкер Кара-Буура айылына жакын жердеги мал сарайлардын биринде жашынып жаткан жеринен колго түшкөнүн бүгүн, 2-февралда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, кылмышкерди кармоо учурунда кызматкерлердин бири жаракат алган (колун балта кесип кеткени айтылды). Кармалган жаран Кара-Буура РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жатканы айтылды. Жаракат алган кызматкерге тийиштүү жардам берилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle
2015-02-03 13:34:36
Балта менен коргондубу ошондо ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан