Гүлжигит Сатыбековдун концертинде шаңдуу ырлары күйөрмандарын бийлетсе, армандуу чыгармалары ойго батырды (фото)

Бишкектеги Спорт Ордосунда 2-февралда кыргыз эстрада ырчысы Гүлжигит Сатыбековдун “Репетиция” аталышындагы жеке концерти орун алды. “Назик” бийчилер тобу ачып берген кечеде алып баруучулук тизгинди “Беш тапандын” жигиттери колго алышты.

Концертке мыкты даярдык көрүлгөнүн сахнанын жасалгаланышы айтып турду. Жеке концерт деп ушуну айтыңыз, бул кечеде жалаң Гүлжигит мырзанын аткаруусундагы ырлар жаңырды. Жадакалса конокко башка ырчылар чакырылбаптыр. Концертти гитарада, урма аспапта кол ойноткон “Старики разбойники” аталышындагы жаңы түзүлгөн музыкалык топ жана кыргыздын белгилүү шылдыракчысы Кадырбек Мураталиев коштоду. Зал көрүүчүлөргө толуп, күйөрмандар ырчынын жүрөктөн чыккан чыгармаларына кыйкырып, ышкырып, суратпай эле кол чаап турушту. Ырчынын “Агенттеги махабат”, “Исфана”, “Кара каш”, “Айбийке” өңдүү шаңдуу ырлары күйөрмандарын бийлетсе, “Сагынам”, “Эми мага баары бир” аттуу армандуу чыгармалары ойго батырды.

Ал эми алып баруучулук милдетти колго алган “Беш тапан” куудулдар тобу кыргыз эстрадасынын ырчы айымдары Неля, Каныкей, Роза Шакирова, Сайкал Садыбакасованы туурап чыгышып күйөрмандардын боорун эзишсе, куудул Жамбыл Камчиев да бир чымчым күлкү сунуп өттү.

Концертке алыстан ат арытып келген ата-энесине Гүлжигит мырза гүлдесте арнап, алардын урматына “Ыйык булак” ырын аткарды.

Кеченин соңунда ырчы концерттин “Репетиция” деп аталганын түшүндүрүп берди: “Чет мамлекеттерге чакыруулар көп болууда. Жалгыз диск көтөрүп баргандан уялам. Ошондуктан Кыргызстандагы эң күчтүү музыканттарды жыйнап, “Старики разбойники” деп атап жаңы топ түздүк. Эми сиздердин батаңыздарды алып, Орусия, Түркия, Германия мамлекеттериндеги мекендештерге ушул түзүм менен ыр, күлкү тартуулайлы деген максатта, кыргыздын маданиятын даңазалоону көздөп, бүгүн сиздердин алдыңыздарга биринчи жолу чыгып репетиция кылып алдык”. Күйөрмандар концерт аягына чыкканына карабай Гүлжигит мырзаны тер акканча ырдатып, сахнадан көпкө чейин узатышкан жок. 

"Концертке 1 миллион сомго жакын акча сарптадык" дейт Гүлжигит Сатыбеков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
ArgenMers
2015-02-03 08:31:33
Красавчик брат Азаматсын ийгилик Оштун Кулунуда?
0
jasi
2015-02-03 08:40:24
Жакшы концерт болгон корунот, фотолору эле кулдурот го адамды). Сатыбеков ийгилик сизге!
+1
novayariga
2015-02-03 08:54:10
Жакшы отуптур. Ата-энеси Аксыдан барбай Оштон барышыптырбы? :)
0
myshka406
2015-02-03 09:31:53
Элдин маданияты бир аз которулуп калыптырда ортого чыгып дыкс дыкс дыкыс бийлегендерге таазим тартынбай бийлешиптир азаматсынар.
+3
Azura
2015-02-03 11:35:17
Жеке концерт деп ушуну айт! Молодец! Ийгилик!
+2
turdumamatova
2015-02-03 12:01:33
Чыныгы нукура талант деп ушуну айт ар бир ыры созу да обону да бири бирине топ келишет бар бол Гулжигит Сатыбеков
0
beka88
2015-02-03 12:01:36
азаматсын Гужу,так держать!
0
Kairatmyn
2015-02-03 12:29:27
Суроттордон эле байкалып турат концерт сынк болгону азаматсыз ийгилик.
0
Aidanek
2015-02-03 14:32:43
Соонун болгонго.Ошкода келсе экен...чыдамсыздык мн кутобуз
0
Begimkyz.
2015-02-03 14:46:26
Башка ырчыларга үлгү боло турган ырчы.
0
baba.
2015-02-03 16:59:52
Ото сонун болгонго суротторго караганда.Москвага качан келеер екен барат елек.Кее бирки ырчыларга караганда сапаттуу ырчы!!!
0
Aksy-13
2015-02-03 19:18:46
Гулжигит чыгармачылыгына ийгилик. Ар бир ырынды берилуу менен угабыз. Чет элдерге барсан кудайым колдоп ,ал жактагы кыргыздардын да черин жазып келесин го деп ишенем
0
samidinova84
2015-02-03 23:33:45
Мумкунчулук болбой барбай калгандар арманда калдыкго.Бишкекте болсом бармакмын.Ырларында айып жок.
0
nazi0807
2015-02-04 09:18:08
Курон костюм шымы жакшы жарашат экен.Негизи концерт жакты.
+1
Kanykey81
2015-02-04 15:27:51
Канча жолу уксан да тажабайсын уккандан ырларын.Журоктон чыккан ырлар журокко жетет. Ийгилик Сизге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан