Ош. Көп кабаттуу 50 үйдү жылуулук системине кошуу иштери жүрүүдө

Ошто көп кабаттуу 50 үйдү жылуулук системине кошуу иштери жүрүүдө. Өткөн жылы Ош шаарына жаратылыш газын берүү токтотулганда күзгү-кышкы мезгилге даярданууга байланышкан муктаждыктарды чечүүдө Орусия тараптан гранттык каражаттын эсебинен 215 миллион сомдук жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулуна шилтеме берүү менен мэриядан кабарлашты.

“Кыска мөөнөттө узак жылдар бою жылуулук берилбеген көп кабаттуу 27 жатакананы борбордук жылуулук системине кошуу, 75 жаңы трансформаторду, эки 40 МВА көмөк чордонун, 4 модулдук откана сатып алуу, 3,3 миллион сомго кварталдык жылуулук тармактарын тартуу менен күзгү-кышкы өнөктүккө шаарды өз убагында толук даярдоого жетиштик”,- деп баяндаган вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулу.  

Анын айтымында, ондогон жылдардан бери жылуулук албаган 50 көп кабаттуу үйдү борбордук жылуулук системине кошуу боюнча иштер жүрүүдө. Учурда анын ичинен 45 үйгө жылуулук толугу менен берилип, 5 үйдү борбордук жылуулук системине кошуу иштери аяктоонун алдында турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tursunbek14
2015-02-03 10:14:30
Ай, азаматсынар!удачи Вам Кутманалы Абдырахман уулу!
-1
Tursunbek14
2015-02-03 10:33:02
благодаря большой работе в городе Оше тепло. и что бы там не говорили, южная столица лучше всех подготовилась к зиме
0
Rifle
2015-02-03 16:54:51
Кыш буткондо , отопление берилип жатканы бул нерсеге чон далил !
0
Tursunbek14
2015-02-03 13:34:18
На конец! Иш билги жетекчилер ушинтип 1 жылда озун корсот!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан