5-февралда Бишкекте активисттер Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Кыргызстандын ички саясатына киришүүсүнө каршы тынч митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда уюштуруучулар жар салышты.
Маалыматка ылайык, иш-чара саат 11:00дө Ак үйдүн астында өтмөкчү. Митингге "Калыс" уюму, "Славян маданияты борбору" коомдук бирикмеси, "Күчтүү Кыргызстан" кыймылы, Кыргызстандын коммунисттик партиясы жана "Таза оппозиция" кыймылы катышат. "Акциянын негизги максаты - Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Кыргызстандын ички саясатына киришүүсүнө каршылык көрсөтүү. Коомчулуктун Жогорку Кеңешти колдоп чыгышына аталган ассамблеянын резолюциясы себеп болгон. Ага ылайык, гейлерге каршы мыйзамды кабыл алуу Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы мамилелерге таасир этиши мүмкүн",- дешет активисттер.