Бишкекте “Коомдук коопсуздукту бирге сактайлы” деген аталыштагы форум болуп өттү

Бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарында “Коомдук коопсуздукту бирге сактайлы” деген аталыштагы форум болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган форум коомдук коопсуздукту, укук тартибин жана кылмыштуулуктун алдын алууга арналган. Форумдун жүрүшүндө бүгүнкү күндөгү шаардагы коомдук коопсуздук, балдарга болгон зордук-зомбулук жана коомдук тартип талкууланды. Калаа башчысы өз сөзүндө шаардагы коомдук коопсуздукту сактоо үчүн Бишкек мэриясы, ИИМ, ШИИББ менен биргеликте иш алып барып, бардык көйгөйлөрдү бирге чечип жаткандыгын баса белгиледи.

“Биз Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте техникалык жактан коопсуздукту сактоо боюнча иш алып барып жатабыз. Азыркы учурда шаарды жарыктандыруу иштери жүрүүдө. Шаарыбыз жарык болсо, коомдун коопсуздугу сакталат. Ошондой эле коопсуздукту сактаган Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирем”,- деди мэр Кубанычбек Кулматов.

Форумга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Мелис Турганбаев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Бишкек шаардык ИИББинин кызматкерлери, райондук администрациялардын жана жергиликтүү аймактык башкармалыктардын башчылары, мугалимдер жана жарандык активисттер катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан