Ош. Интерактивдүү тактаны колдонуу менен мугалимдердин атайын конференциясы болуп өттү

Бүгүн, 3-февралда Ош шаарындагы №52-мектепте интерактивдүү тактаны колдонууну жайылтуу максатында  онлайн-конференция болуп өттү. Анда аталган мектептин директору Идирис Айтбаев интерактивдүү тактаны колдонуп, “Балаңыз сиз каалагандай эмес, сиз тарбиялагандай чоңоёт” деген темада сабак өтүп, окуучуларды тарбиялоодо бир гана мугалимге жүктөп койбостон, балага кеңири убакыт бөлүп, көптөгөн баалуулуктарды үйрөтүүдө ата-энелердин ролу өзгөчө жогору экенин айтты.

Шаардык билим берүү башкармалыгы кабарлагандай, мындай конференция Кыргызстанда биринчи жолу онлайн түрүндө өтүп, Бишкек шаарындагы мугалимдер да күбө болуп отурушту. Шаардагы башка мектептин мугалимдери жана ата-энелер катышып, мындай сабактар тез-тез өткөрүлүп туруусун колдоого алышты.

Белгилей кетсек, жакынкы күндөрдө эле КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Ошто болгон иш сапарында интерактивдүү такта колдонулган сабакка күбө болуп, "мындай сабактарды республика боюнча жайылтуу керек" деген сунушун берген эле. Мунун негизинде жогорудагы болуп өткөн онлайн-конференция алдынкы күндөрдө кеңейтилген форматта улантылмакчы.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erali
2015-02-03 21:33:32
Эн сонун экен,мындай конференцияларга ушул нерсеге муктаж чыныгы педагогдорду тартыш керек,кээ бир мугалимдер бул нерсени уйронсо да аны колдонууда аракеттенишпейт.
0
Sagidko88
2015-02-03 23:57:27
ОшМУда кенири колдонулат. Аябай ынгайлуу, жыйынтыгы да жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан