Өкмөт жооп берет: Апамдын өлүмү тууралуу "кара кагазын" жоготуп алдым. Аны кайра жасатыш үчүн кайсы мекемеге кайрылыш керек?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: -  Апам 2004-жылы көз жумган. Анын өлүмү тууралуу маалым катты (справка) жоготуп алдым. Эми кайра мага башкасын жазып беришеби? Эгер жазып беришпесе, кимге же кайсы жерге кайрылсам болот? Суроо калтырган aali-90. 

Жооп: - Маалым катты кайра жасатуу маселеси апаңыздын эмне себептен көз жумганына байланыштуу болмокчу. Эгер милицияга байланыштуу болсо, мисалы, ал кырсыктан улам көз жумса, анда кайсы райондо курман болгондугун такташ керек. 
Ал эми адам каза болгондо денеси өлүк сактоочу жайга жеткирилет. Ошол жерден кошумча кагаз берилет. Анын негизинде тергөөчү маалым катты кайра жазып берет. Ошондуктан апаңыз качан, кайсы райондо каза болгону тууралуу тагыраак маалымат керек. Анын баарын топтоп, ИИМге кайрылсаңыз болот.

Суроого Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов жооп берди.  

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан