Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана Шаардык билим берүү башкармалыгы биргеликте "2015-жыл - КРнын Улуттук экономиканы чыңдоо жылына" карата мектеп окуучуларынын арасында "Акыл таймаш" аталышындагы интеллектуалдык оюнун өткөрүштү. Аталган оюнга шаардагы 20 мектеп катышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда шаардык мэриядан билдиришти.
"Оюн учурунда дүйнөлүк жана Кыргызстанга белгилүү инсандар, адабият, тарых боюнча жана жалпы логикалык суроолор берилди. Сынактын жыйынтыгын атайын уюштуруу тобу тарабынан бекитилген эсептөө комиссиясы көзөмөлдөп чыгарды. Жыйынтыгында жалпы 20 команданын ичинен 1-орунду А.Навои мектебинен келген "Кырк-Чоро" командасы, 2-орунду "Кыргыз-Түрк достугу" мектебинин "Ак-Тилек" командасы, 3-орунду А.Алиев мектебинин "Табият" командасы багындырышты. Жеңүүчүлөргө Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан дипломдор, баалуу белектер тапшырылды. Калган 17 мектеп активдүү катышкандыгы үчүн сыйланды" деп айтылат маалыматта.