Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 14 студенти жана 2 окутуучусу Германияда практикадан өтүшөт

Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин студенттери Германиянын алдынкы клиникаларында таанышуу практикасында болушат. Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, анда 14 студент жана 2 окутуучу үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 12-мартына чейинки аралыкта Германиянын Мюнхен, Киль жана Йена шаарларында жайгашкан алдынкы медициналык институттарында, клиникаларда болушат. Сапарда алар тажрыйба алмашып, таанышып, жаңы аппараттар менен иштөө жолдорун көрүшүп, үйрөнүп келишет.

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенттери буга чейин Германия мамлекетинин борбору Берлинде жайгашкан байыркы Шарите клиникасында болуп, таанышып, студенттер менен достошуп, тажрыйба алмашып келишкен.

Германиянын бир топ клиникалары, университеттери менен кызматташып келген Ош мамлекеттик университети мындан ары да байланышты күчөтүп, алмашуу программаларынын алкагында жайкы практикаларды уюштуруу, окутуучуларды жана ОшМУнун Медициналык клиникасынын врачтарын стажировкаларга жөнөтүү максатында аталган өлкөнүн алдынкы клиникалары менен келишимдерди кабыл алууну пландаштырууда.

Бүгүнкү күндө Германияда медицина факультетинин 16 бүтүрүүчүсү аспирантурада окуп, эмгектенишүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
stranik302
2015-02-04 23:29:43
туззук
0
uulay
2015-02-05 00:58:05
Негизи жакшы даярдайт ОшМУнун медфагы.Мен Ошто июнь окуясынан кийин торогом ординатурада окуган кыз тороткон.акушер жетишпей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан