Араван районунда күч органдары менен коомдун өз ара кызматташуусу талкууланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара ИИМдин 10-Башкы башкармалыгы тарабынан демилгеленген. Ага райондогу мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары, мектеп окуучулары, мугалимдер, дин кызматкерлери катышышты. Анда негизги маселе катары экстремизм, радикализм көйгөйлөрү жана коом менен милициянын ортосундагы карым-катнаш талкууланды. Ошондой эле иш-чаранын жыйынтыгында район аймагында диний маалыматтын жетишсиздиги жана диний маселелердин курч бойдон калып жатканы белгилүү болду.