Бишкекте кыргыз балетине чыйыр салган корифейлердин басып өткөн жолун баяндаган музей ачылды (фото)

Бүгүн, 4-февралда Бишкектеги Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайында “Балет” аталышындагы музейдин бет ачары болду. Саамалыкка КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, СССРдин Эл артисти Айсулуу Токомбаева, Кыргыз Эл Баатыры Эрнст Акрамов, аталган окуу жайдын жетекчиси Эрик Латыпов, белгилүү балетмейстерлер жана башкалар катышты.

Музей СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 65 жылдык мааракесине карата ачылды. Анда кыргыз балетине чыйыр салган корифейлердин басып өткөн жолун баяндаган сүрөттөр, скульптуралар, сахна костюмдары орун алды.

Иш-чара концерттик программа менен улантылып, аталган окуу жайдын окуучулары өнөрлөрүн тартуулашты.

Айсулуу Токомбаева: “Бүгүн менин 24 жыл сахнада өнөктөшүм болгон Ч.Базарбаевдин ысымын алып жүргөн хореографиялык окуу жайда музейдин ачылып жатканы мени кубанычка бөлөдү. Биз чет өлкөдө өнөрүбүздү тартуулаганда "Булар кайсы профессионалдар?" дешчү. Опера да бийик деңгээлде эле. Азыр музейге коюлган сүрөттөрдү көрүп, ошол кез тасма көргөндөй көз алдымда элестеди”,- дейт.

“Бүгүн маданият адамдары сыймыктанчу күндөрдүн бири. Буга чейин маданиятта көйгөйлөр айтылып келсе, жаштар кыргыз балетмейстерлеринин тарыхын биле жүрсүн деген максатта сүрөттөрүн таап, өз колдору менен музей уюштурганы кубандырат. Маданият жаатында бүгүнкүдөй иш алып барсак, жакынкы арада көтөрүлөбүз”,- деди Алтынбек Максүтов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан