Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 979 миллион метр кубду түзүүдө

4-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 979 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка учурда секундасына 151 метр куб суу агып кирсе, 2014-жылы ушул маалдагы көрсөткүч 171 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 575 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 790 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 4-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 719 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle
2015-02-04 17:55:41
уже 7 млрд.
кунуно 10 млн м3 кетип жатабы ?
0
jigit.paren
2015-02-04 18:48:47
7млрддан ылдый тушсо бутту анда Токтогулга ГЭСинне коркунуч келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан