"Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маданият, искусство тармагында жылдап чечилбей келаткан көйгөйдү чечүүчү иш-чараларды жана жалпы элдин маданиятына таасир бере турган, патриоттук сезимди ойготкон, үй-бүлөнүн баалуулугун пропагандалаган конкреттүү иш-чараларды отчёттук пландан таба алган жокмун". Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Бишкекте өтүп жаткан маданият кызматкерлеринин республикалык кеңешмесинде вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди.
"Жылдык иш планга көбүнчө семинарлар, музейдин уставын бекитүү жана мааракелик иш-чараларды өткөрүү гана кирген. Албетте, тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Бирок каражаттын тартыштыгын эске алып, той-топурларды азайтып, анын ордуна ошол каражаттарды жаштарыбызга тарбия бере турган иштерге жана кыргыз искусствосун колдоо үчүн берсек болот беле деген суроо жаралат",- деди.
Кечээ маданиятка, искусствого эмгеги сиңген залкар аксакалдар менен жолукканын айткан Дамира Ниязалиева буларды кошумчалады: "Жолугушууда маданиятта болгон көйгөйлөр, аны чечүүнүн жолдору тууралуу баарлаштык. Анда маянанын аздыгы, кадрлардын жоктугу, имараттардын эскилиги жетип урап жатканы, ушул тармакта эмгектенген кызматкерлер, ардагерлер үчүн турак жай маселеси өтө курч тургандыгы, унаалардын жоктугунан театрлар гастролго чыга албай жаткандыгы, жадакалса шаарларыбызда коюлуп жаткан спектаклдерде көрүүчүлөрдүн жоктугу айтылды. Жумушчу топ түзүп, өзүнө "көйгөйлөрдү чечип, жеңебиз" деген багыт алуу үчүн чечим кабыл алдык".
Вице-премьер бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Маданият министрлигине стратегиялык план керектигин белгиледи.