Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев дүйнө салды

5-февралда Кыргыз Эл сүрөтчүсү, III даражадагы Манас орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жоомарт Кадыралиев дүйнө салды. Маркумдун сөөгү 7-февралда кичи мекенине коюлат.

Жоомарт Кадыралиев 1946-жылы Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган. 1966-жылы Фрунзедеги Көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 

Ал 1995-жылы Таласта "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына арналган мааракеде ачылган "Манас" этнографиялык комплексин түзгөн. 

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2015-02-06 15:55:36
Жүрөгү кыргыз деп соккон мекенчил инсан эле, кыргыз дегенде жанын берүүгө даяр болгон...
Ыйманы саламат болсун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан