Кыргызстандын “Тумар” бий тобу “Украина - менин таланттарым” аттуу теледолбоордун жарым финалына өттү

Кыргызстандын Тумар бий тобу 5-февралда Киев шаарында өткөрүлгөн “Украина - менин таланттарым” аттуу теледолбоорунун жарым финалына өттү. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова бүгүн, 6-февралда билдирди.

Маалым болгондой, аталган бий тобу сынактын экинчи бөлүгүндө биринчилерден болуп өнөрүн көрсөттү. Кыргызстандык бийчилер сахнага чыкканда залда отурган көрүүчүлөр ордуларынан туруп күтүп алышты. Ал эми өнөрүн көрсөтүшкөндө таланттарына таң калган калыстар тобу туруп алып кол чаап, 3 "ооба" деген жооп кайтарып, жарым финалга өткөрдү.

Аталган топтун курамын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу бийчилер Адина Самыйбек кызы, Эрдик Таалайбек уулу, Талгат Карабек уулу жана алардын машыктыруучулары Эрмек Кадыров менен Тимур Сыдыков түзөт.

Эске салсак, “Тумар” бий тобу Түркияда өткөрүлгөн "Сиз Түркиянын талантысыз" аттуу мелдештин жарым финалына өткөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bakulya79
2015-02-06 23:30:02
Азаматсынар...силердей болгон таланттарга соз жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан