Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу документтер жыйнагы даярдалды

КРнын Архив кызматы тарабынан Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу документтер жана материалдар жыйнагы даярдалды. 

Мамлекеттик каттоо кызматынан бүгүн, 6-февралда билдиришкендей, китеп 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш темасына кызыккандарга арналган. Жыйнак Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата жарык көрөт.

Жыйнактагы документтер жана материалдар хронологиялык тартип менен жайгашкан. Ар бир документ өзүнүн номуру, аталышы, датасы, окуя орун алган жери менен берилген. Жыйнакка КРнын Мамлекеттик борбордук архивиндеги, КРнын Саясий документтер боюнча мамлекеттик борбордук архивиндеги, Талас облустук мамлекеттик архивиндеги, Ч.Түлөбердиевдин мемориалдык музейиндеги, Кара-Бууранын Бириктирилген райондук аскер комиссариатындагы документтер кошулган”,- деп жазылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан