Бүгүн, 6-февралда Ош улуттук драма театрынын актрисасы, "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2014-жылдын супер дебюту" наамынын ээси, ырчы
Самара Каримова көз жарып, балканактай уул төрөдү. Бул тууралуу ырчы
SUPER.KG порталына сүйүнчүлөдү.
Маалым болгондой, ымыркай Бишкек шаарында саат 11:00дө 3,9 килограмм салмакта жарыкка келди. Наристеге ысым ыйгарыла элек. Учурда эне-баланын абалы жакшы.
Белгилей кетсек, ымыркай ырчынын үчүнчү уулу. Анын Барсбек, Даткайым деген уул-кызы бар.