Орусиянын Тейковский районунун Першино айылында тартылып жаткан тасмада кыргызстандык мырзалар роль жаратышууда. Фильм Улуу Ата Мекендик согушта болгон баатырдыкты чагылдырып, “28 панфиловчу” деп аталат. Бул тууралуу аталган тасма аянтчасына катышып жаткан мекендештерибиздин бири Руслан Анарбек уулу бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
Тасманын массовкасында тартылып жаткан кыргызстандык жигиттер - Ивановдогу Мамлекеттик айыл чарба окуу жайында билим алып жатышкан 4-курстун студенттери.
Аталган фильмдин продюсеринин айтымында, тасма элдик каражатка тартылууда.
28 панфиловчу – Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москва алдындагы салгылашта эрдик көрсөткөн жоокерлер.