Лос-Анжелесте “Грэмми-2015” сыйлыгын тапшыруу аземи өткөрүлдү. Кечеде 83 категория боюнча ат салышкан мыктылардын мыктыларына “Алтын граммофондор” тапшырылды.
Британиялык ырчы Сэм Смит 4 номинация боюнча жеңүүчү аталды.
“Грэмми-2015” сыйлыгын жеңип чыккандардын тизмеси:
-“Жылдын альбому”. Аткаруучу - Бек. Чыгарма - "Morning Phase"
-“Жылдын ыры” - Жеймс Нейпир, Уильям Филлипс жана Сэм Смит - "Stay With Me"
- “Жылдын мыкты үн жаздыруусу” - Сэм Смит - "Stay With Me"
- “Поп-композициясын мыкты аткаруучу”- Фаррелл Уильямс – "Happy"
- “Мыкты вокалдагы поп-альбом” - Сэм Смит - "In The Lonely Hour"
- “Мыкты урбан-альбом” - Фаррелл Уильямс - "G I R L"
- “Мыкты кантри-альбом” - Миранда Ламберт - "Platinum"
- “Мыкты рок-аткаруучу” - Жек Уайт - "Lazaretto"
- “Мыкты рок-ыры” - "Ain't It Fun" - "Paramore" тобу
- “Мыкты жаш артист” - Сэм Смит
-“Мыкты R&B-альбом” - Тони Брэкстон жана Бэйбифейс - "Love, Marriage & Divorce"
-“Мыкты R&B-ыр” - Бейонсе жана Жей-Зи - "Drunk In Love"
-“Салттуу вокалдагы мыкты поп-альбом” - Тони Беннетт жана Леди Гага - "Cheek to Cheek"
-“Дуэт же топ менен мыкты поп-аткаруу ”- "A Great Big World" музыкалык тобу жана Кристина Агилера - "Say Something"
-“Мыкты жеке кантри-аткаруу” - Кэрри Андервуд - "Something in the Water"
-“Дуэт же топ менен мыкты кантри-аткаруу”- "The Band Perry" тобу - "Gentle on My Mind"
-“Мыкты кантри-ыр” - Глен Кэмпбелл - "I'm Not Gonna Miss You"
-“Мыкты рэп аткаруу” - Кендрик Ламар - i -
- “Мыкты рэп жана вокалдагы дуэт” - Эминем жана Рианна - "The Monster"
Америкалык үн жаздыруу академиясынын “Грэмми” музыкалык сыйлыгы 1958-жылы негизделип, музыка жаатындагы эң абройлуу сыйлык катары саналат.