Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Йорг Фриден менен жолугушту

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 7-февралда Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Йорг Фриден менен жолугушту. Алар кырсыктардын алдын алуу боюнча аталган банк менен министрликтин алдыдагы кызматташтыгын талкуулашты. Бул тууралуу министрликтен бүгүн, 10-февралда кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр кырсыктардын санын азайтууга багытталган иш-чаралар, аталган банк тарабынан ишке ашырылган долбоорлор тууралуу айтып берди. Ошондой эле Дүйнөлүк банктын кырсыктардын санын азайтууда кошкон салымын белгилеп, тиешелүү колдоолор үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эми Йорг Фриден министрге кырсыктардын алдын алууда активдүү иштеп жатканына токтолуп, жолугушуунун жүрүшүндө сөз болгон маселелерди карап чыгарын айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан