Бишкек шаарында унаасын карама-каршы тилкеде айдаган айдоочуга чара көрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна Укук бузуулар кодексине ылайык протокол түзүлүп, мыйзамда каралган чаралар көрүлдү.