Кыргызстандык UFC мушкери Мыктыбек Оролбай уулу "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине өзгөчө сый-урмат көрсөттү.
Ал көчөлөрдүн тазалыгын камсыз кылып, шаар үчүн эмгектенип жаткан жумушчуларга ыраазычылыгын билдирип, сый-тамак уюштурду. Мушкер өзү ысык тамак ташып, чай куюп берди.
Мушкердин бул аракети коомчулукта жылуу пикирлерди жаратууда.