Биз социалдык тармакта

“Бешикташ” Израил командасын жеңгенден кийин Палестинаны колдоо акциясын өткөрдү

Түркиянын “Бешикташ” футбол клубу Израилдин “Хапоэль” командасын 2:1 эсебинде жеңгенден кийин Палестинага колдоо көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, беттештин алдында түркиялык футболчулар атаандаштары менен кол алышуудан баш тартышкан.

Ал эми оюн аяктагандан кийин “Бешикташтын” оюнчусу Уаттара Палестинанын желегин көтөрүп, аны менен УЕФАнын логотибин жапкан. Басылманын жазышынча, футболчу мындай кадамы менен уюмдун кош стандарттарына каршылыгын билдирген.

Андан соң команданын оюнчулары “Оккупацияга каршы көтөрүлүш, Палестинага эркиндик!” деген жазуусу бар чоң баннердин алдында чогуу сүрөткө түшүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан