Баткен облусунун Лейлек районунда 25-ноябрда салмагы 5 килограмм 650 грамм болгон уул бала төрөлдү. Бул тууралуу Кулунду жалпы дарыгердик практикалык борборунун төрөт бөлүмүнүн башчысы Акмөөркан Малаева билдирди.
Маалыматка ылайык, 46 жаштагы Тахмина Бустановa менен 62 жаштагы Абдурасул Каримов алтынчы ирет ата-эне болушту. Алар Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык айылында жашашат.
"Белгилүү болгондой, ымыркайга Имран деген ысым ыйгарылды. Үй-бүлөнүн айтымында, буга чейин төрөлгөн балдарынын да салмагы 5 килограммга чейин болгон. Учурда үй-бүлөдө үч уул, үч кыз бар. Төрөт табигый жол менен операциясыз өттү, учурда эне менен ымыркайдын абалы жакшы",- деп кошумчалады бөлүм башчы.