Жогорку Кеңеште 2010-жылдан бери 45 депутаттык комиссия түзүлүп, түрдүү кырдаалды иликтеди

5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары саясий, социалдык жана экономикалык түрдүү маселелер боюнча 45 убактылуу депутаттык комиссия түзүштү. Бул тууралуу 10-февралда парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айрымдары тууралуу: 

2010-жылкы Апрель, Июнь окуяларынын жагдайлары боюнча 4 комиссия, чек ара көйгөйү боюнча 3 комиссия, Кыргызстандын акыйкатчысынын маселесине байланыштуу 3 комиссия, ажылыкка байланышкан маселелер боюнча 2 комиссия, Жогорку Кеңешти оптималдаштыруу багытында 3 комиссия түзүлүп, баары иш жыйынтыгында отчёт беришкен. "Парламенттик башкарууга өтүү менен жашоо түп-тамыры менен өзгөрүп кетти дегенге болбойт. Мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен убактылуу депутаттык комиссиялардын текшерүүлөрүнүн аркасында аткаруу бийлигинин иши бара-бара жакшы жагына өзгөрүп, жарандар үчүн ачык боло баштайт",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан