Муфтиятты 12 миллион сомдук социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотуу демилгеси парламент кароосуна жиберилди

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 10-февралдагы жыйынында муфтиятты 12 миллион сомдук социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотуу демилгесин колдоп, мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жөнөттү. Тактап айтканда, мыйзам долбоорунда ажылык сапарды уюштуруу кызматтарын көрсөткөн тараптардын 2014-жылдын 1-январына чейинки социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 12,9 миллион сомдой каражатын кечүү сунушталууда. 

Демилгеге өкмөт каршы. Социалдык саясат комитети негизги чечимди парламент кабыл алсын деген жыйынтыкка келди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан