Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бүгүн, 10-февралда Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жамааты менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстанда 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча Улуттук программанын аткарылышы, мамлекеттик тилди мамлекеттик кызматта колдонууну активдештирүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге мамлекеттик тилди окутуу маселелери талкууланды. Мындан тышкары мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып жаткан ченемдик-укуктук актылардагы карама-каршылыктарды кайрадан карап, кээ бир мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоорун иштеп чыгуу үчүн өкмөттүк деңгээлде атайын жумушчу топ түзүү демилгеси көтөрүлдү.