Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы юстиция министри кызматына талапкер тандай элек. Муну 10-февралда SUPER.KG порталына депутат Туратбек Мадылбеков билдирди. Депутат бул маселе фракциянын кезектеги отурумунда каралышы мүмкүн экенин кошумчалады. "Алмамбет Шыкмаматовду президент кызматтан бүгүн бошотту, кимди талапкер кыларыбыз эми белгилүү болот. Бул теманы буга чейин фракцияда талкуулаган эмеспиз, азырынча божомол айтуу да кыйын",- деди Мадылбеков. Айта кетсек, мурунку юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекендин" квотасы боюнча) жакында өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазып, бүгүн мамлекет башчы тарабынан кызматтан
бошотулду.