Туратбек Мадылбеков: "Кумтөр" маселесин кароо өкмөттүн айынан кечигүүдө"

"Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселесин кароонун кечигип жатышына өкмөт күнөөлүү",- деп билдирди депутат Туратбек Мадылбеков 10-февралда SUPER.KG порталына. Эгерде өкмөт бул жолу баш тартпаса, маселе февраль айында парламенттин жыйынында талкууланат. "Жаш балага буламык бергенсип сооротуп, маселени кароону создуктурууда. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып жатышат, жыйынтыгы жакында билинет. Жогорку Кеңеш "Кумтөр" долбоору боюнча токтом кабыл алгандан бери бир жыл өттү, бирок өкмөт берилген тапшырмалардын аягына чыкпай жатат",- деди депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан