Бүгүн, 10-февралда КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы алдында Чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, жыйында талкууланган көйгөйлөр боюнча аталган комиссия тийиштүү чечим кабыл алган. "Коомдук коопсуздукту сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында чек ара аймактарында өкмөттүк комиссия бир топ иштерди аткарды. Бул жылы аткара турган, чечиле турган маселелерди тактап, аларды чечүүгө тезинен киришүү зарыл",- деди вице-премьер-министр.
Чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссия аймактардагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чектешкен өлкөлөр менен чечүү, сүйлөшүү жана жолугушууну уюштурган аткаруучу орган болуп саналат.