Жоомарт Оторбаев юстиция министрлигине Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин парламентке сунуштады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын юстиция министри кызматына Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин сунуштады. Сунуш Жогорку Кеңешке киргизилгенин өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 10-февралда кабарлады. Эскерте кетсек, аталган министрликти буга чейин жетектеп келген Алмамбет Шыкмаматов өз каалоосу менен арыз жазганына байланыштуу бүгүн кызматтан бошотулду. 
Жылдыз Мамбеталиева
Туулган жылы - 1971-жыл, 26-январь.
Туулган жери - Бишкек шаары.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку, адистиги - укук таануу.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис. 
Акыркы мезгилде иштеген кызматтары:
2005-2008-жылдары Кыргызстандын өкмөтүнүн аппаратында Укуктук камсыз кылуу жана кадрлар кызматы бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2008-жылдан бери юстиция министринин орун басары болуп иштейт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан