Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Чүй облусун кыдырат
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бүгүн, 11-февралда иш сапары менен Чүй облусун кыдырат. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ниязалиева иш сапарынын жүрүшүндө Москва, Панфилов жана Жайыл райондорундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышып чыгат. Андан сырткары жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрөт.