Мурунку юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов министрликтин жамааты менен коштошту

10-февралда Юстиция министрлигинде экс-юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов министрликтин жамааты менен жолугушту. Муну аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Шыкмаматов ийгиликтүү иштешкени үчүн жамаатка ыраазычылык билдирди жана мекемени өзү жетектеген мезгилде биргеликте жетишилген ийгиликтерин атады. Жамаатка биримдик, патриоттуулук каалады.

Министрликтин кызматкерлери Шыкмаматовдун министрликти жетектеген мезгилиндеги ыкчамдуулук, тактык, ачыктык, терең түшүнүү жана ар бир кызматкердин демилгесин колдой билгендигин белгилешип, стандартка ылайык эмес кырдаалдарда чечимдерди өз убагында кабыл алган сапаттары министрликтин алдына коюлган милдеттеринин жылуусуна түрткү болгонун айтышты. 

Эскерте кетсек, Алмамбет Шыкмаматов юстиция министри болуп 2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын февралына чейин иштеди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан