Ахматбек Келдибеков Кыргызстанга кайтып келди

Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын адвокаты Татьяна Чильникина билдирди. Айтымында, депутат өлкөгө 10-февралда учуп келген. Келдибеков учурда Бишкекте, ден соолугу жакшы экени айтылды. "Ахматбек Келдибеков журналисттерге маалымат жыйын уюштурууну пландаган жок. Жакында соттук отурумдар башталат, ошого даярданууда",- деди адвокат.
Эскерте кетсек, Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан